Орусиянын Анапа шаарында сегиз кабаттуу турак үйдө ири өрт чыгып, чектөөгө алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, чатырдан чыккан өрт төмөндөп, анын аянты 3150 чарчы метрди түзгөн. 300 тургун эвакуацияланган. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей жабыркагандар болгон эмес.
"Калкты эвакуациялоо иштери жүргүзүлдү. Эвакуациялангандарды жайгаштыруучу убактылуу пункттар даярдалды", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Окуя Лазурная көчөсүндө болгон. Имараттын мансарддык кабатында өрт таңкы саат төрттөр чамасында башталып, төрт сааттан кийин гана өрттү өчүрүүгө мүмкүн болгон. Өрттү өчүрүүгө 130 адам жана 34 техника жана Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 95 адам жана 23 техника тартылган.