Алматы шаарындагы аэропорттун жанында кулаган Ан-26 аскердик учагынын кыйрашынын себептери иликтене баштады. Бийлик трагедияга алып келген кырсыкты мүмкүн үч багытта иликтейт. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 13-мартта Алматы шаарында катуу туман болгонун эске алуу менен, аба ырайынын татаал шарттары жөнүндө версия эң башкыларынын бири болуп саналууда. Учак учуп-конуу тилкесине жеткен эмес. Мындан тышкары, кырсык учактын бортундагы кемчиликтерден, ошондой эле экипаждардын катачылыгынан улам болушу мүмкүн деп да болжолдонууда.
Кечээ, 13-мартта кечке жуук Алматы аэропортуна жакын жерге Ан-26 аскердик учагы кулап түшкөн. Учактагы алты адамдын төртөө көз жумуп, эки бейтап күйүк жана сыныктар менен өтө оор абалда ооруканага жеткирилген.