28-статуэткасын алды. Айымдар арасында "Грэмми" сыйлыгын эң көп алган ырчы аныкталды

"Грэмми" сыйлыгын айымдар арасында эң көп алган америкалык белгилүү ырчы Бейонсе болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Басылмалардын маалыматына караганда, Бейонсе быйыл "Грэмми" сыйлыгына 28-жолу ээ болгон.
"Кайрадан бийиктик жаңыланды. Бейонсе эми "Грэмми" сыйлыгын алгандардын сап башында. Ал аталган сыйлыкка 28-жолу ээ болду", - деп уюштуруучулар Твиттер баракчасына жазып калтырышкан.
Буга чейин аялдар арасында аталган сыйлыкты эң көп алып, рекорд жараткан америкалык белгилүү ырчы Элисон Краусс болгон. Ал 27 жолу "Грэмми" сыйлыгын алган. Ал эми жалпы алганда аталган сыйлыкты эң көп алган дирижёр Георг Шолт. Ал 31 жолу "Грэмми" сыйлыгынын лауреаты болгон.
Америкалык үн жаздыруу академиясынын "Грэмми" музыкалык сыйлыгы 1958-жылы негизделип, музыка жаатындагы эң абройлуу сыйлык катары саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан