Казакстанда 2023-жылдан баштап мектептер акырындык менен латын алфавитиндеги жаңы окуу программасына өтө баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетовго шилтеме берүү менен казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуу китептери жаңы программага карата даярдалып жатат.
2017-жылы Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев казак тилин кириллицадан латын арибине өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Жарлыкта жаңы латын арибине негизделген алфавит дагы бекитилген.