Германиянын Фольксваген автокомпаниясы 5 миңге чейин жумуш ордун кыскартууну пландаштырууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, компаниянын кадрлар бөлүмү айрым кызматкерлерди мөөнөтүнөн мурда же жарым-жартылай пенсияга чыгуусун камсыз кылган келишим түзгөн. Ошондой эле компаниянын түзүмүн өзгөртүүгө 500 миллион евро керектелет.
"Бул электр унааларын өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган чечим болчу. Фольксваген автоунаа индустриясында санариптик трансформацияны ишке киргизет", - деп жазылган маалыматта.