"Мен анын кадимкидей жашоосун кааладым, эми ал мектепке бара алат". АКШда тарбиячы бөйрөгүн беш жашар кызга берди

АКШнын Миссури штатында тарбиячы бөйрөгүн беш жашар кызга берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Робин Мах аттуу тарбиячы 2019-жылы Кэйли аттуу кызды карап баштаган. Эненин курсагында жаткан кыз 26-аптада жарык дүйнөгө келген (кадимки кош бойлуулук болжол менен 38 жумага созулат). Кыздын апасы наристеси 160 күнгө жакын ымыркайлардын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын айткан. Кыз жарым-жартылай сокур болуп, иммундук системи начарлап, боору иштебей калган. Ушундан улам ал күнүнө 11 сааттык перитонеалдык диализ алып турган. Учурда Кэлейдин салмагы болгону 11 килограммды түзөт.
Буга чейин кыздын бөйрөгүн алмаштырууга мүмкүн болгон эмес, себеби кыздын бою менен салмагы кичине болгондуктан операция кылуу мүмкүнчүлүгү жок болгон. Ушундан улам тарбиячы кыз керектүү массага ээ болгондо гана ага жардам бере аларын түшүнгөн. Ошондой эле ал операциянын алдында: "Мен Кэйлинин кадимкидей жашоосун кааладым, эми ал мектепке бара алат", - деп билдирген.
Ушул жылдын февраль айында дарыгерлер алты сааттык операциянын натыйжасында Кэйлиге тарбиячысынын бөйрөгүн ийгиликтүү салышкан. Ал эми кыздын энеси тарбиячысына ыраазы экенин айтып, "Мах Кэйлини курортко атайын алып барып, тырмактарын боёгондой эле иш жасайт. Ал өзгөчө деле нерсе болбогондой түр көрсөтөт. Мен ага кантип рахмат айтарымды билбейм", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2021-03-18 00:32:12
Азамат экен тарбиячы.
+2
Gulina90
2021-03-18 22:06:19
Кудайым узуун өмүр берсин экөөнө тең.Тарбиячысы эр жүрөк экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан