Голливуд актрисасы Анжелина Жоли мурунку күйөөсү Брэд Питтин үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндүгүн далилдеген көрсөтмөлөрдү сотко даярдап жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Анжелина Жоли мурунку күйөөсү Брэд Питтин үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндүгүн тастыктаган көрсөтмөлөрдү даярдап жатат. Белгилүү болгондой, жаңы соттук отурум жылдыздардын Шайло, Нокса жана Вивьенн аттуу жашы жете элек балдарынын көрсөтмөлөрүн камтышы мүмкүн.
Ал эми Мэддокс, Захара жана Пакс аттуу балдары дагы соттук отурумга катыша алышат, бирок алар чоңоюп калгандыктан ата-энесинин макулдугуна муктаж эмес.
Өткөн жылдын сентябрь айында Анжелина Жоли менен Брэд Питт ортосундагы тирешүү күчөгөнү маалым болгон. Жылдыздар үй-бүлөлүк дарыгерге барбай калышкан. Алар балдарга тиешелүү да жаңы чыр-чатактарды башташкан. Брэд Питт балдарга камкордукту бирдей бөлгүсү келсе, Анжелина Жоли балдарды Лос-Анжелестен алып кетүү шартын айткан.