Танзаниянын президенти каза болду

Танзания өлкөсүнүн президенти Жон Магуфули 61 жашында каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн вице-президентинин маалыматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, акыркы учурларда ал катуу ооруп жаткан. Айрым маалымат булактарында президент коронавируска чалдыкканы, ал тургай аны дарылатуу үчүн Кениядан Индияга алып кетишкендиги жазылат.
Кениянын Nation басылмасы өз булагына таянуу менен "Эки жумадай эл алдына чыкпаган Африка өлкөлөрүнүн биринин лидери COVID-19 менен Найробидеги ооруканага жаткырылды" деп жазган. Ошондой эле президент жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылгандыгы айтылган.
Ал эми Танзаниянын премьер-министри жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер президенттин коронавируска чалдыкканы тууралуу айтылган маалыматты четке кагышкан.
Белгилүү болгондой, Магуфули өлкөдө COVID-19 жок экендигин айтып, Танзания вакциналарды сатып албай тургандыгын баса белгилегендиги жазылат маалыматта.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, Танзания 2020-жылдын май айынын башынан бери коронавирустан канча адам жабыркаганы жана каза болгондугу тууралуу статистикасын билдире элек. Өлкөдө COVID-19 оорусунун 509 учуру аныкталып, 21 өлүм катталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aitowa11
2021-03-18 11:34:54
Оорууну жашырса олум ашкере кылат
0
Japarali
2021-03-22 01:27:09
Жакындарына сабыр элине тынчылык берсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан