Орусиянын Новочебоксарск шаарында 11 жаштагы бала 25-кабаттан кулап аман калды. Бул тууралуу орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 11 жаштагы бала 25-кабаттын балконунан кулап, көп кабаттуу үйдүн астында токтоп турган Газель унаасынын үстүнө түшкөн. Бактыга жараша, бала аман калган. Бирок оор абалда ооруканага жеткирилген, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Окуянын себептери жана жагдайлары такталууда.