Грузиянын президенти туулган күнүндө коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили туулган күнүндө коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Басылмалар жазгандай, Саломе Зурабишвили швед-британиялык "AstraZeneca" компаниясынын вакцинасы менен эмделди.

герде биз коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө жүзүндө пайда болгон оор экономикалык кырдаалдан чыгууну кааласак, анда COVID-19га каршы эмдөө мүмкүнчүлүгүн колдонушубуз зарыл. Биз коомду коргоп, ушул кризистен чыгышыбыз керек. Баарыңыздарга чың ден соолук каалайм!" деген 69 жашка толгон президент Саломе Зурабишвили.

Аталган өлкөдө 15-мартта "AstraZeneca" компаниясынын вакцинасы менен COVID-19га каршы эмдөө башталган. Алгач медициналык кызматкерлер эмдөөдөн өтүшү зарыл болгон. 3 күн ичинде 2 миң 700дөн ашык адам эмдөөдөн өттү.

Грузияда COVID-19 илдети аныкталган алгачкы бейтап 2020-жылдын 26-февралында катталган. Бир жыл ичинде 276 миң 436 адам илдетке кабылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан