Орусиянын президенти Владимир Путиндин көрсөтмөсүнө ылайык Орусияда жүргөн эмгек мигранттары жана чет элдик жарандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Өкмөт Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун алкагында президенттин чет элдик жарандарды COVID-19га каршы эмдөө боюнча берген көрсөтмөсүнүн үстүндө иштеп жатат. Биринчи кезекте эмгек мигранттарын жана буга чейин өлкө аймагында жүргөн чет элдик жарандарды эмдөө маселелери каралат", - билдирген вице-премьер Татьяна Голикова.
Владимир Путин 4-июнда өткөн форумдун пленардык жыйынында сүйлөп жатып, министрлер кабинетине айдын аягына чейин вакцина туризмин уюштуруу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.