Өзбекстанда дыйкан күнөскана үчүн чуңкур казып жатып, миллиондогон жыл мурун жашаган алп жаныбардын сөөгүн тапты

Өзбекстанда дыйкан күнөскана үчүн чуңкур казып жатып, миллиондогон жыл мурун жашаган алп жаныбардын сөөгүн тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Наманган облусунун Коратепа айылынын тургуну огородунда күнөскана куруу үчүн чуңкур казып жатып табышмактуу жаныбардын сөөктөрүн тапкан. Алп жаныбардын сөөктөрү жердин алдынан болжол менен бир метр тереңдиктен чыккан. Дыйкандын туугандары табылга жөнүндө Наманган мамлекеттик тарыхый-маданий музейине билдиришкен. Музейдин кызматкерлери, Наманган мамлекеттик университетинин археология кафедрасынын археологу жана доцент-биолог казуу болгон жерге барышып, калдыктар Индрикотерийге таандык деп божомолдошкон.
Индрикотерий Жер шарында болжол менен мындан 20-30 миллион жыл мурун жашаган. Аталган жандыктар ири керик деп да аталып, боюнун узундугу 5 метрге, салмагы 17 тоннага чейин жеткен. Сүт эмүүчүлөр түркүмүнө кирген. Алардын сөөктөрү Казакстанда, Монголияда, Кытайда, Индияда жана Пакистанда кездешет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан