
Чилиде алты айлык балага жаңылыштык менен коронавируска каршы вакцина сайылган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Чилиде эне, баланы ооруканага талап кылынган пландуу эмдөө үчүн алып барган. Бирок дарыгерлер ымыркайга Кытайдын "Sinovac" компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын сайышкан. Учурда бала дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган, бирок азырынча терс реакциялар табыла элек. Ошондой эле балага туура эмес вакцина берилген жагдайларды иликтөө боюнча тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.