АКШ Путиндин Байден менен онлайн сүйлөшүү сунушуна жооп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-март күнү Путин менен Байдендин сүйлөшүүсү болбойт. Себеби АКШнын президенти бош эмес деп жооп беришкен.
Путин буга чейин башка көптөгөн дүйнөлүк лидерлерден айырмаланып, Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон деп билдирген АКШ Ак Үйүнүн өкүлү Жен Псаки.
"Менин сизге алдыдагы сүйлөшүүлөр жөнүндө айта турган эч нерсем жок, президент 19-мартта Жоржия штатында болот жана бош эмес", - деген ал.
Мындан тышкары Псаки Байден Владимир Путин менен буга чейин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана "аны менен дагы деле мамиле кура элек башка дүйнөлүк лидерлер бар" деп белгилеген. "Биз Орусиянын жетекчилиги, өкмөт мүчөлөрү менен өз ара бирдей деңгээлде иштешебиз. Бирок алдыдагы жолугушуулар боюнча отчёт бере турган эч нерсем жок", - деп кошумчалады ал.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ өлкө башчысын түз эфирде жолугушууга чакырган.