Жо Байден кайрадан Камала Харристи АКШнын президенти деп атап алды

АКШнын президенти Жо Байден эл алдында сүйлөп жатып вице-президент Камала Харристи мамлекет башчысы деп атап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Жо Байден эмдөө кампаниясынын ийгилиги жөнүндө айтып берип жатып "президент Харрис экөөбүз качан..." деп айтып алган. Президент буга чейин ушундай адашууларга туш болуп келген.

Ал эми Харрис сентябрда шайлоодо жеңишке жете электе эле Байден жеңишке жетише турган болсо, АКШнын келечектеги президенттик администрациясынын пландарын айтып, "Харристин администрациясы" деп айтып алган.

Андан кийин эксперттер Харристин мындай жаңылып алуусу Байдендин иштөөгө жөндөмсүздүгү жөнүндө имиштерди тастыкташарын айтышкан.

Эгерде 78 жаштагы Байден эки же андан ашык жылдан кийин президенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотсо, анда вице-президент мамлекет башчынын милдетин аткарууга киришет деп жазылат басылмалардын маалыматында.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Жо Байден өлкөнүн коргоо министри Ллойд Остиндин атын унутуп койгону кабарланган.

Байден кайрадан Камала Харристи АКШнын президенти деп атап алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bolotbek9191
2021-03-19 12:00:24
Чал алжыптыр
+1
Haanykeim
2021-03-19 13:58:47
Унутчаак экен АКШнын президенти.Карып ататко чиркин..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан