Тайванда бекер тамактанып алуу үчүн жашоочулар ысымдарын Лосось деп өзгөртүштү

Тайвандын ондогон жашоочулары япон ресторандар тармагында арзандатуу же акысыз тамактануу үчүн ысымын Лосось деп өзгөртүүнү чечкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Япониянын "Akindo Sushiro" ресторандар тармагы Лосось аттуу адам бар болсо, бекер тамак-аш берүүнү убада кылган. Шейшемби күндөн баштап катталуу жайларына аттарын Лосось деп өзгөртүүнү каалаган тургундар тарабынан көптөгөн арыздар түшкөндүгү такталган. Андан сырткары угулушу ошондой, бирок иероглифтери башкача жазылган ысымдардын ээлерине 50 пайыздык арзандатуу убадаланган.

"Шаршемби күнгө карата 28 адам ресторандар тармагында бекер тамактанып, акцияга 1000дей адам катышкан.

Тайванда жаңы күбөлүк жана каттоодон өткөндүгү жөнүндө сертификат алуу үчүн расмий төлөмдөр 3 доллардын тегерегинде. Өлкөнүн жашоочулары өзүлөрү каалаган ысымды тандай алышат. Бирок бийлик ысым тандап алууда жакшылап ойлонууга чакырат. Анткени мыйзамга ылайык, жарандар болгону үч жолу гана аты-жөнүн өзгөртө алышат", - деп жазылат басылманын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-03-19 21:08:26
Тооба эмне деген шумдук,тамактын куну канча саат,келечекти ойлоп иш кылышса.
+1
mirlanpiter
2021-03-20 10:43:38
Биздикилер укса ысымдарын беш бармак деп өзгөртүшөт,(кафе бизнесмендери ойлоп чыгарса)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан