Дүйнөнүн эң бай адамдары бир күндө ондогон миллиард доллар жоготушту

"Forbes Real-Time" рейтингине ылайык, дүйнөнүн эң бай он адамы бир күндө 23 миллиард доллардан ашык акчасын жоготту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, "Тесланын" жетекчиси Илон Масктын байлыгы бир күндө дээрлик он миллиард долларга азайган. Муну менен "Тесланын" акцияларынын баасы 6,9 пайызга төмөндөдү. Илон Маскты Европанын эң бай адамы жана "Луи Виттондун" ээси Бернард Арно басып өтүп, дүйнөнүн экинчи бай адамы аталып калды. Анын капиталы 5 миллиард долларга азайган.

"Amazon" компаниясынын башкы директору Жефф Безос 5 миллиард 700 миң долларын жоготкон. Бир күндө 10 миллиардерден инвестор Уоррен Баффеттин гана байлыгы өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан