Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы жалпы адамзатты Нооруз майрамы менен куттуктады

Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерриш жалпы адамзатты Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, БУУнун башкы катчысынын куттуктоосу Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын имаратында Нооруз-2021 деген иш-чаранын алкагында көрсөтүлгөн.

"Нооруз жаңы башталыштын белгиси. Өткөн жылы Нооруз майрамы дүйнөлүк пандемиянын биринчи күндөрүнө туш келди. Быйыл майрамдык маанай болуп көрбөгөндөй жандуу. COVID-19ду талкалоо үчүн дүйнө биригип жатат. Нооруз жаратылыш менен айкалышып, адилеттүүлүктү жана туруктуулукту жандандыруу үчүн кызмат кылат. Нооруз майрамын белгилегендердин бардыгына өзүмдүн жакшы каалоолорумду жолдойм. Бул күн баарына бакыт, ден соолук жана ынтымак алып келсин", - деген БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан