Москвада көп кабаттуу үйдөгү газдын жарылуусунан үч адам каза болуп, төрт адам жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун бирөө жаш бала. Алар тепкичтен түшүп келе жатып түтүнгө ууланып калган.
"Жабыркагандар Москва районунун медицина мекемелерине жаткырылды. Кырсык болгон жерде медициналык борбордун сегиз тобу, 13 "Тез жардам" тобу иштеп жатат, медициналык авиация дагы катышууда.
Алдын-ала маалымат боюнча жарылуу батирде өчүрүлбөй калган газдын кесепетинен болушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.