Түркмөнстандын борбору Ашхабадда жолбун иттерди жана мышыктарды жок кылуу иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылгандай, жолбун иттерди жана мышыктарды куугунтуктоо боюнча өнөктүк Түркмөн Алабайынын күнүн биринчи майрамдоонун алдында жүрүп жатат. Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун акыркы чечимине ылайык, бул майрам апрелдин акыркы жекшембисинде белгиленет.