Ашыкча салмактуулукка аз кыймылдоо жана туура эмес тамактануудан сырткары туура эмес уйку режими да таасир берет. Бул тууралуу америкалык дарыгерлерге шилтеме берүү менен дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, уйкунун жетишсиздиги жана нормадан ашыкча уктоо ашыкча салмак кошууга таасир этет. Ошондой эле организмдин иштөөсүн начарлатып, жүрөк кан-тамыр ооруларын козгойт. Андан сырткары туура эмес уйку режими табитти ачып, ашыкча тамак ичип алууга себепкер болот. Себеби адамдын мээси жетишпей калган энергияны толтурууга аракет кылат. Дени сак жана келишимдүү келбетке ээ болом десеңиз, күнүнө 6 сааттан 8 саатка чейин уктоо зарылдыгы айтылган. Аны менен бирге туура тамактануу, спорт менен машыгуу, көп кыймыл-аракетте болууну унутпоо керек.