Инстаграм жана WhatsApp мессенжеринин иши техникалык кемчиликтерден улам үзгүлтүккө учурады

Дүйнө жүзү боюнча Инстаграм жана WhatsApp мессенжеринин ишинде мүчүлүштүктөр болуп, интернет колдонуучулары кыйынчылыктарга дуушар болду. Анын себебин Инстаграмдын Орусиядагы маалымат кызматынан билдиришти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Кечээ, 19-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө Инстаграм жана WhatsApp мессенжеринин иши үзгүлтүккө учурап, колдонуучулардын нааразычылыгын жаратты. Анда колдонуучулар билдирүүлөрдү жиберүүдө жана баракчасын жаңылоодо кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Мындай абал дээрлик 1 саатка созулган. Көп өтпөй Инстаграм тиркемеси жана WhatsApp мессенжери кайрадан иштеп баштаган. Мунун себеби техникалык мүчүлүштүк болгонун жана учурда бардык кемчиликтер калыбына келтирилгендигин расмий өкүлдөрү билдирип, колдонуучулардан жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан