Армениянын өкмөт башчысы Орусиядан Су-30 учактарын ракетасыз сатып алганын моюнга алды

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения Орусиядан Су-30СM учактарын ракетасыз сатып алганын моюнга алды. Саясатчы бул тууралуу өлкөнүн Арагацотн облусунун тургундары менен болгон жолугушууда айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Армениянын Коргоо министрлигинин аскердик көзөмөл кызматынын мурдагы башчысы Мовсес Акопян Орусиядан сатып алынган Су-30СМ учактары ок-дары менен жабдылган эмес деп билдирген, анткени Орусия 130 чакырым аралыкка учуучу аба ракеталарын башка өлкөгө сатпайт. Армения бийлиги бул билдирүүнү ырастай элек.

"Алар бизге эмне үчүн учак сатып алдыңар дешет? Ооба, биз учакты сатып алганбыз, ал май айында (2020-жылы) жеткирилген жана биз ракеталарды согушка чейин сатып алганга убактыбыз болгон жок (Карабахтагы жаңжалдын курчушу). Биз ракеталарды сатып алышыбыз үчүн учактарды сатып алмак белек? Эмне үчүн түптөлгөнүнө 26 жыл болгон мамлекетте аба учактары болгон эмес?", - деген Пашинян.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айынын аягында Тоолуу Карабахта кайрадан согуш аракеттери башталган. Ал узак мөөнөттүү жаңжалдын уландысы болуп калды. Тараптар элдешүү келишимин түзүүгө бир нече жолу аракет кылышкан, бирок 10-ноябрга караган түнү жетишилген үч тараптуу келишим ийгиликтүү болуп чыкты.

Москванын ортомчулугу астында Азербайжан менен Армения ок атышууну толугу менен токтотууга, туткундарды жана каза болгондордун сөөгүн алмашууга макулдашышкан. Ереван ошондой эле Келбажар, Лачин жана Агдам райондорун Бакуга өткөрүп берди. Мындан тышкары орусиялык бейпилдик күчтөрү аймакта күзөттө турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан