Кубада метеорит кулап, жарылып кетти

Космостук метеориттин кулашы жана жарылышы 19-март, жума күнү кечинде Кубанын чыгыш бөлүгүндөгү Моа шаарынын аймагында болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул көрүнүш сейсмологиялык станция тарабынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:06да катталган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, асманда кызыл жана ак түстө жаркыраган нурлар көрүнүп, андан кийин катуу жарылуу угулган.

Улуттук сейсмологиялык кызматтын башчысы Энрике Аранго Ариас басылмаларга буга чейин метеориттин кулашы жөнүндө сөз болуп жатканын тастыктаган. "Биздин жабдуулар катуу сокку толкунун каттады, бирок сенсорлор анын жердин жарылышы эместигин көрсөттү", - деди ал.

Кыйроолор жана курмандыктар тууралуу маалымат жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aslan_akjol89
2021-03-21 18:24:01
Аны мен дагы коргом,бирок жарылгандагы уну угулбады.
+1
aslan_akjol89
2021-03-21 18:24:27
Кыргызстанга деле корунду.
+1
Nurba18
2021-03-21 23:02:41
Ооба көргөнүңөр чын Куба бизге кошуна өлкө

+4
aslan_akjol89
2021-03-22 01:57:23
Nurba18,кошуна эмес Куба,урдура бербечи)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан