Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктаган чечимине түшүндүрмө берди

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын токтотуу чечимин кабыл алуу ага кыйын болгонун моюнга алды, бирок ал муну энеси үчүн жасаган. Бул тууралуу спортчу чет элдик басылмаларга билдирген.

"Ар бир мушташ, ар бир машыгуу лагери апамдын өмүрүнүн бир нече күнүн алууда. Ошондо мен эмне кылышым керек? Бул спортко өзүмдүн ким экенимди көрсөтүп, мыкты болуу үчүн келдим, дүйнө чемпиону, мыкты мушкер болдум", - деген Нурмагомедов.

Мушкер каалаганынын баарына жеткенин жана акча үчүн күрөшкө убакыт бөлгүсү келбегенин моюнуна алды. Нурмагомедов анын чечимин эл өзү түшүнөт деп үмүттөнөт, бирок өзү аны кыйынчылык менен кабыл алгандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulina90
2021-03-21 20:03:52
Туура эле ,ар бир эне кыжаалат болотта.
+13
Semakursant
2021-03-21 20:59:38
Азамат. Айткан сөзүндө турду. Сыйлайм
+9
nazira...
2021-03-22 09:04:24
Мусулмандардын эненин сөзүн эки кылбаганы,башкадан да биринчи энесин ойлогону өтө жагат. Мусулман болгонума чексиз шүгүр.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан