Гана өлкөсүндө балдар кум жээкте ойноп жатып, тирүүлөй көмүлгөн ымыркайды таап алышкан
Гана өлкөсүнүн борбордук аймагындагы Гомоа чыгыш округунун тургундары тирүүлөй көмүлгөн он айлык баланы таап алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"18-март күнү кечинде балдар кум жээкте ойноп жатып кумга тирүүлөй көмүлгөн он айлык наристени таап алышкан. Алар чоңдорго билдиришкенде, дароо наристени казып алышкан. Тилекке каршы, наристе ал учурда каза болуп калган.
Бала кездемеге оролуп, оозу-мурдуна, көзүнө жана кулагына кебез тыгылган абалда табылган.
Күбөлөрдүн айтымында, бул кылмышка африкалык салттуу ырым-жырымдарды аткарабыз деген шылтоо менен жабыркагандардан акча талап кылган "Сакава" шылуундары шектелүүдө. Ымыркайдын сөөгү жергиликтүү милиция кызматкерлерине экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Таластагы Жер-Үй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы айтылды. Облустук милициянын жообу