Дагестандын Рутульский районунда кар көчкү түшүп, 9 конушка барчу жолду жаап койду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.
"Рутульский районундагы Цахур айылынын четине кар көчкү түштү. Тогуз калктуу конуш жол байланышы жок калды: Сюгут, Муслах, Мишлеш, Корш, Джинных, Оттал, Калял, Мухах, Кусур", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, тосулган калктуу конуштарда 779 үй бар, анда 3 миң 899 адам жашайт, алардын 976сы балдар.
Кырсыктын кесепетинен кыйроолор жана каза болгондор катталган жок.