ЮНЕСКОнун божомолунда, он жылга жетпеген убакытта адамзат суу ресурстарынын глобалдык тартыштыгына туш болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эксперттер 2030-жылга чейин суунун тартыштыгы 40 пайызга чейин өсөт жана башка глобалдык көйгөйлөр кырдаалды курчутат деп ишенишет.
Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын кесепетинен келип чыккан глобалдык кризис суу менен камсыз кылуу көйгөйүн айкын кылды. Бүгүнкү күндө эки миллиарддан ашуун адамга таза суу жетишпейт.
Докладдын авторлору заманбап дүйнөдө суу ресурстарын сактоо үчүн жетиштүү аракеттер көрүлбөйт деп эсептешет. Ошондуктан ЮНЕСКО базар ресурстарын гана эмес, суу ресурстарын бөлүштүрүүдөн келип чыгуучу потенциалды эске алган моделди иштеп чыгууга чакырат.