Орусиянын Биринчи каналынын алып баруучусу Иван Ургант коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Комментарийлерде "Кечки Ургант" көңүл ачуу шоусунун көптөгөн күйөрмандары алып баруучуга тезирээк сакайып кетишин каалашкан.
2020-жылы май айында Ургант кесиптеши Ксения Собчакты Останкино телекөрсөтүү борборунун имаратында бет кап кийбегени үчүн уяткарган.
2020-жылдын март айынан бери коронавирустун жайылышына байланыштуу кооптонуудан улам программа узак убакытка чейин көрүүчүлөрсүз тартылып келген. Пандемия учурунда Ургант программанын тартуу иштерине катыша берген.