Олимпиада оюндарына даярданып жаткан учурда чагылган түшүп, спортчу кыз каза болду

Сальвадордо спорттун сёрфинг түрү менен машыккан 22 жаштагы Кэтрин Диас Эрнандес машыгуу учурунда чагылган түшүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

19-март күнү Эль-Тунко пляжында аба ырайы ачык болуп, күтүлбөгөн жерден жамгыр жаап, кара булут каптаган. Сууда машыгып жаткан спортчуга чагылган түшүп, ал жерге "Тез жардам" кызматы келген. Бирок дарыгерлер Кэтриндин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Спортчу Кэтрин Диас Сальвадордогу сёрфинг менен алектенген спортчулардын мыктыларынын бири деп эсептелген. Ал Сальвадор Сёрфинг федерациясынын президенти Хосе Диастын бир тууганы. Бул күнү ал ISA Дүйнөлүк сёрфинг оюндарына даярданып жатканы айтылат. Ошондой эле Токио олимпиадасында оюн көрсөтүүнү пландаштырып жаткан.

Эске сала кетсек, спорттун сёрфинг түрү биринчи жолу олимпиаданын программасына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан