Норвегияда дагы эки адам британ-швед AstraZeneca компаниясынын вакцинасы менен COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Норвегиянын жана Европанын дары-дармек агенттиги Европадагы терс реакциялар жөнүндө ушул сыяктуу билдирүүлөрдү изилдөөнү улантууда, бул учурлар AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөдө болушу мүмкүнбү? Агенттик өлкөдөгү оорунун бардык учурлары жөнүндө маалыматты Европанын дары-дармек агенттигине жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өткөрүп берет", - деп айтылат билдирүүдө.
Ведомствонун маалыматы боюнча, беш адам AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн. 15-21-март күндөрү үч адам каза болгон.
Агенттик тромбоздун пайда болушу менен AstraZeneca вакцинасын колдонуунун ортосундагы байланышты четке какпайт. Белгиленгендей, башка компаниялардын вакциналарын колдонуу менен мындай терс таасирлери аныктала элек.