Орусиянын Казань шаарында циркте күлкүлүү жана кооптуу окуя болду. Анда көрүүчүлөргө шоу тартуулап жаткан эки пил түртүшө кетип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүн түшүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя кечээ, 21-мартта болгон.
"Шоу башталып, эки пил оюн көрсөтүп жатып, түртүшө кетишкен. Уюштуруучулар ажыратууга аракет жасаганына карабастан, пилдердин мушташы күчөп көрүүчүлөр олтурган залга чейин өтүп кетишкен.
Көрүүчүлөр дүрбөлөңгө түшүп, балдарын алып качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Жыйынтыгында эч ким жабыркаган эмес. Учурда аталган шаарда пилдердин шоусу уланууда", - деп жазылат маалыматта.