Индияда илбирс 5 адамга кол салып, 11 айлык ымыркай каза болду

Индиянын Мадхья-Прадеш штатында 11 айлык ымыркай кыз илбирстин кол салуусунан улам көз жумду. Мындай үрөй учурган кырсык тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 10-март күнү Индаур шаарында Токой департаментинин кызматкерлери илбирсти кармоо үчүн тузак уюштурушкан. Бирок илбирс тузактан качып, турак үйлөрдүн бирине кирип кеткен. Алгач илбирс тамак жасап жаткан аялды тиштеп алган, аны таяк менен кубалоого аракет кылган аялдын күйөөсүн жарадар кылган. Андан соң качып кетип курулуп жаткан үйгө кирип, 11 айлык ымыркайга кол салган. Жырткычты 1 суткадан кийин гана кармашкан. Аны кармоого жалпысынан 40 киши катышкан. Илбирсти кармоо учурунда кароолчу, токой ведомствосунун жана зоопарктын кызматкери жарадар болгон. Кармалган жырткычты зоопаркка жеткирип, кароодон кийин токойго коё беришкен. Ал эми жарадар болгон ымыркай ооруканадан көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан