Нигериянын Тахуа районунда куралчан адамдардын кол салуусунан каза болгон адамдардын саны 137ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Басылмалардын маалыматына ылайык, аталган өлкө бийлиги бул окуяга байланыштуу 23-марттан баштап үч күндүк улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.
"Террорчулардын кол салышынан каза болгондордун саны 137ге жетти. Аталган окуяга байланыштуу үч күн аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Тахуа районунда куралчан адамдар көп кол салган район болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.