АКШда Кыргыз жаранына өлүм жазасын талап кылышууда. Жогорку Сот ишти кайра карайт

АКШнын Жогорку Соту Кыргыз өлкөсүнүн Жохар Царнаев аттуу жаранынын ишин кайра кароодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы 1-августунда сот апелляциялык арызды карап чыгып, аталган жаранды өлүм жазасына тартуу чечимин өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. Ал 2013-жылы Бостон марафонунда болгон жарылуу үчүн айыпталууда.

Билдирүүдө 2020-жылдын октябрь айында АКШнын Юстиция министрлиги Жогорку Сотко буга чейинки соттун чечимин кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылганы айтылат. Анда Дональд Трамптын администрациясы жана башкы прокурор Царнаевге өлүм жазасын берүүнү суранган.
"Президент Жо Байдендин администрациясы буга чейин Трамптын учурунда сотко өткөрүлгөн бир нече иш боюнча өзүнүн жеке көз карашы бар экендигин билдирген, бирок Царнаевдин иши боюнча эч кандай билдирүү жасалган эмес.

Ал эми Жогорку Сот террорчу Жохар Царнаевдин ишин кайра карап чыгуу боюнча министрликтин арызын карап чыгат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 2013-жылдын 15-апрелинде Бостондогу марафондо 2 жарылуу катталган эле. Андан 3 адам каза болуп, 260 киши жаракат алган. Иликтөө иштеринин негизинде терактты уюштурган деп Жохар Царнаев кармалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Kadyrova_
2021-03-24 09:40:42
Бале эле болду каерде болбосун кыргыз жараандары болуп тобаа.Кудай эле сактасынчы.
+7
Noon
2021-03-24 09:58:02
Паспортту ар кимге сата берсе ошентип ар ким кыргыз жараны болуп чыга берет да. Царнаев деген кыргызда жок
+18
Sajakat14
2021-03-25 03:55:54
Noon,чечен улутунан болуш керек эле.
0
Nuuman
2021-03-24 10:16:10
Э койчу. Булар Кыргызстанда туулган адам. Бала кезинде эле АКШга миграция кылып кеткен.
0
Aimani
2021-03-24 10:58:29
Террористтерге өлүм жазасын берүү туура эле болот
+4
Gulina90
2021-03-24 11:22:42
Паспортту эшектикине беришеби намысы жок эшектер,ар жерде осуруп койсода кыргыз жарааны болуп чыгып атат.Паспорт столго патриот кыргыз дей турган адамдар барса экен.
+6
portugalia
2021-03-24 12:41:29
Gulina90,Туура айтасыз!Паспорт жасап саткандар Кыргызстанга кайдыгер мамиле кылгандар да
+6
nazira...
2021-03-24 18:44:09
portugalia,ошто ошо туугандар отурат алтындарды моюндарына асып алышып, бухгалтери да ошолордон экен. Анан ким сатат паспортту,
0
munarbek.92
2021-03-24 19:45:03
Gulina90,паспорт кыргыздар учун атайын графа киргизиш керек же паспорттогу чипке жети атасын киргизе турган прогграмма киргизиш керек
0
portugalia
2021-03-24 12:40:15
Кыргыз жараны деп бут кыргыздын атын булгап.
+6
Perfekt
2021-03-24 14:02:47
Kyrgyztanda torolgon, birok Amerikada chonoigon.
0
Tyty1990
2021-03-24 14:16:17
Каап десе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан