"Бошотулган Жанго" тасмасы менен белгилүү америкалык актёр Жейми Фокс атактуу мушкер Майк Тайсондун ролун аткарат. Мындай маалымат дүйнөлүк басылмаларда жазылды.
Андагы маалыматка караганда, америкалык кинорежиссёр Мартин Скорсезенин шоу-тасмасында Жейми Фокс мушкер Майк Тайсондун ролун жаратат. Ал эми Майк Тайсон бул шоу-тасмага продюсерлик кылат. Мушкер өзү тууралуу баяндаган шоу-тасманы тартуу иштерин чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын, анда профессионалдык жана жеке жашоосу тууралуу баяндаларын кошумчалаган.
"Мен көптөн бери өзүмдүн тарыхымды баяндаган шоу тартайын деп жүргөм. Бул оюм жакын арада ишке ашканы турат", - деген Майк Тайсон.
Бул тасма качан чыга тургандыгы азырынча белгисиз.