Чет элдик окумуштуулар кандын группасынын жүрөк оорулары менен болгон байланышын аныкташты. Бул туурасында Америкалык кардиологиялык ассоциациясынын (American Heart Association, AHA) журналына жарыяланган.
Андагы маалыматка караганда, изилдөөгө 400 миңден ашуун адам катышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгы кан группасы II жана III болгон адамдар жүрөк ооруларына I группадагыларга караганда 8 пайызга көп чалдыгарын көрсөткөн. Адистер ошондой эле II жана III группадагы адамдарда тромбоз оорулары 51 пайызга чейин жогору болорун аныкташкан. Ал эми I группанын ээлери жогорку кан басым менен көбүрөөк жабыр тартары белгилүү болгон.