Өзбекстанда сүмөлөк даярдап жаткан жарым жылаңач кыздар 15 күнгө камакка алынды

Жакында эле социалдык тармактарда бикини кийген жарым жылаңач кыздардын сүмөлөктү кандай даярдап жатышканын көрсөткөн видео тараган.

Бул боюнча Хорезм облусунун ички иштер дирекциясынын басма сөз кызматынан ички иштер органдарынын кызматкерлери тийиштүү текшерүүнү башташкандыгын билдиришкен.

Видеодогу кыздар табылып, аларды укук коргоо органы "майда бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 15 күнгө камакка алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал эми дагы 3 катышуучуга 116 доллардан айып салынды.

Видео Өзбекстандын социалдык медиа сегментине 21-мартта жарыяланган. Укук коргоо органдары бул ишке социалдык тармактын колдонуучуларынын кескин сындарынан кийин кызыга башташкан. Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 22-мартта видеодогу кыздардын бардыгы суракка чакыртылган.

Өзбекстанда жарым жылаңач сүмөлөк даярдаган кыздарга сот чечим чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jazmina909090
2021-03-24 00:36:34
Өзбектер айтмакчы ажап бопты
+5
Kyrgyz_bloger
2021-03-24 01:42:58
Бизде болгондо камалмак турсун беттен алмак ишинер эмне деп.
+5
bond02
2021-03-24 03:14:54
А мына эми чечинишсин, 15 кун кийинбей оой даат деп.
+3
Kadyrova_
2021-03-24 09:54:17
Өзбек туугандарда атын чыкпаса жер өртө кылып жатышабы галошчон курут тебелеп жиберебия.жыланач сүмөлөк бышырып жиберебия.
+2
Gulina90
2021-03-24 11:29:08
Камакта ар балээ кылып ойногула Эми.
0
Mister-XXX
2021-03-24 17:10:12
Кыргызстанга дагы ушундай жаза колдонсо жакшы болмок.Бишкекте торговый центрде эч нерсе болбогондой басып жургон кызды да 10-15 кун камаса болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан