Польшалык жазуучу Якуб Шульчик аталган өлкөнүн президенти Анжей Дуданы кемсинткендиги үчүн сот жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, президент Дуда АКШдагы президенттик шайлоодон кийин "Жо Байденди президент болушу менен эмес, үгүт компаниясын "ийгиликтүү" жүргүзгөндүгү үчүн куттуктайм" деп жазган. Буга жооп катары Шульчик "Жо Байден АКШнын 46-президенти, а Анжей Дуда келесоо" деп комментарий калтырган.
Прокурорлор жазуучунун мындай билдирүүсүн президентти кемсинтүү катары баалап, кылмыш иши козголгон. Мыйзамга ылайык, Шульчик 3 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.