Коронавирус илдети дүйнөнү каптап жаткан кезде андан сактануунун жолун издеп, көпчүлүк өлкөлөр вакцина чыгаруу аракетин көрүштү. Кээ бир өнүккөн өлкөлөр талапка ылайык келген вакциналарды иштеп чыгып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан каттоодон өткөрүүгө жетишти. Учурда мамлекеттер талапка ылайык деп каттоодон өткөн вакциналарды сатып алып, калкты эмдөөдөн өткөрүп, аты жаман илдеттен сактоонун камын көрүп жаткан кези.
COVID-19га каршы эмделген адам ооруга чалдыгышы мүмкүнбү, кимдерге эмдөө жасалбашы керек? Вакцина боюнча маалыматтар топтому.
Эмдөө - адамдын организминде иммунитетти көтөрүүчү медицинадагы эң маанилүү ыкма болгондуктан COVID-19га каршы вакцинаны бардык жарандар алышы керектиги белгиленет. Бул адамдарда иммунитетти пайда кылып, вирустан толук коргонууга шарт түзөт. Азырынча дүйнөдө вакцинанын терс таасири болгон бир дагы илимий тастыктоо жок экенин адистер айтышууда. Ошол эле учурда ичеги-карын жана ар кандай өнөкөт оорусу барларга да эмдөөдөн өтүү сунушталат.
Вакцинанын бир дозасы жетиштүү болобу?
Адамдын иммунитети биринчи жолу вакцина менен кезиккенде ал иммундук клеткалардын В жана Т түрүн ишке киргизет.
* В-клеткалары антителолорду (антигенге каршы заттарды) активдүү иштеп чыгат, бирок вакцинанын экинчи дозасы жасалбаса, бир нече аптадан кийин ал иммуноглобулиндердин саны кескин түрдө азая баштайт.
* Т-лимфоциттери – адамдын иммундук системинин негизги коргонуучу куралы болуп эсептелет. Так ошол клеткалар коркунуч жараткан патогендерди аныктап, жок кылат. Эмдөөнүн биринчи бөлүгүнөн кийин адамдын иммундук системи Т-лимфоциттерин абдан аз өлчөмдө иштеп чыгат. Бул Т-клеткаларынын негизги көйгөйү болуп саналат. Буга байланыштуу организм вируска каршылык көрсөтүүгө толук даярдалбай калат.
* Вакцинанын экинчи – бустердик дозасы иммундук жооптун экинчи бөлүгүн ишке киргизет. Анын натыйжасында организм Т-клеткаларын көп өлчөмдө өндүрүп, узак мөөнөттүү иммундук эс-тутумун калыптандырат. Ошондой эле бул процесс бат бөлүнүп, натыйжалуу антителолорду иштеп чыгуу жолу аркылуу В-клеткаларын вирустук чабуулдарга ыкчам реакция жасоого үйрөтөт.
* Бүгүнкү күндө КОВИД-19 оорусуна каршы бир жолу жасалган вакцинанын натыйжалуулугу жөнүндө так эсептик көрсөткүчтөрдү түшүндүргөн кеңири изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жок. Вакцинанын бир дозасы жасалгандан кийин иммунитет канча убакытка чейин сакталары азырынча белгисиз. Кандай гана вакцина болбосун, ал натыйжалуу иштеши үчүн убакыт керектелерин түшүнүш керек.
Коронавируска каршы эки фазалуу вакцина деген эмне?
* Вакцина инфекцияны жуктурбоонун же оорунун татаалдашып кетишинен сактоонун бирден-бир ишенимдүү жолу. Эмдөө көптөгөн инфекцияларга, анын ичинде COVID-19 коронавирустук инфекциясына да каршы колдонулууда. Эмдөөдөн өткөн адам ооруну жуктуруп алса дагы, илдеттин оорлошуп жана күчөп кетүү ыктымалдыгы нөлгө барабар болот.
* Учурда ковидге каршы жасалып жаткан вакциналардын бардыгы эки фазалуу, башкача айтканда, максималдуу коргонууну камсыздоо үчүн экинчи дозаны саюу талап кылынат. Медицинада мындай тактика ондогон жылдар бою колдонулуп келет. "Бустер" (англисче booster - көтөрүү, жогорулатуу, күчөтүү) деп аталган кийинки дозаны саюу, организмде иммундук коргонууну күчөтүүгө жана инфекциядан коргонууну узак убакытка чейин сактоого мүмкүнчүлүк берет.
Коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алган адам өзүн кандай алып жүрүш керек?
* Бул боюнча окумуштуулар так нускама беришет: вакцинанын биринчи дозасын алган адам бардык коопсуздук чараларын аткарышы керек (бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-баттан жуу). Тагыраак айтканда, өзүн COVID-19га каршы эмделбегендей алып жүрүш керек. Бул иш-чараларды аткаруу маанилүү. Анткени вакцинанын бир дозасы иммундук системди жетиштүү деңгээлде коргойт деген ишеничтүү далилдер жетишсиз.
COVID-19 вакцинасынын кыйыр таасири кандай?
* Башка вакциналардай эле COVID-19 оорусуна каршы жасалчу вакциналардын адамга дене табынын субфебрилдик деңгээлде көтөрүлүшү, ийне сайылган жердин кызарышы сыяктуу кыйыр таасирлери болушу мүмкүн. Вакциналарга болгон организмдеги реакция жеңил жана бир нече күндөн кийин өтүп кетиши кадыресе көрүнүш. Бирок кээ бир кыйыр таасири олуттуу жана узакка созулушу мүмкүн, бирок мындай учурлар абдан сейрек кездешет. Ушул сыяктуу учурларды аныктоо үчүн вакциналардын курамы такай көзөмөлдөнүп турат.
* COVID-19 оорусуна каршы вакциналардын кыйыр таасири, негизинен жеңил, орточо жана кыска мөөнөттүү болгону маалым. Аларга төмөнкүлөр кирет: дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, баш оору, булчуңдардын оорушу, чыйрыгуу, ич өтүү жана ийне сайган жердин оорушу. COVID-19 оорусуна каршы вакцинанын конкреттүү түрүнө жараша кыйыр таасири айрымаланышы мүмкүн.
COVID-19 оорусуна каршы эмдөө төрөөнү пландаштырган, кош бойлуу же бала эмизген айымдарга коопсузбу?
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кош бойлуу айымдар үчүн эмдөөнүн артыкчылыгынан кооптуулугу жогору деп айтууга конкреттүү негиз жок.
* Кош бойлуулук COVID-19 оорусунун оор формасына алып келүү коркунучун жогорулатканы менен кош бойлуу айымдар үчүн вакцинанын коопсуздугун баалоо үчүн маалыматтар өтө аз. Ушул себептен SARS-CoV-2 оорусун жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон кош бойлуу аялдар (мисалы, саламаттыкты сактоо кызматкерлери) же катуу ооруп калуу тобокелдигин жогорулатуучу кошумча сыркоолору бар айымдар, дарыгерлердин кеңеши менен гана эмдөөдөн өтүшсө болот.
* COVID-19 вакциналары эмизүү жолу менен организмден чыгып кетери азырынча белгисиз. Туура иш-аракеттер курсун аныктоо үчүн эмизүүнүн баланын өнүгүшүнө жана ден соолугуна пайдалуу жактарын, ошондой эле эненин COVID-19га каршы эмдөөгө болгон клиникалык муктаждыгын эске алуу керек.
* Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эмдөөдөн кийин бала эмизүүнү токтотууну сунуш кылбайт.
Күтүлбөгөн, жагымсыз таасирлер катталса эмне болот?
* Эгер эмдөөдөн кийин көйгөй чыкса, бул окуя дыкат иликтениши абзел.
* Бирок мындай изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча адамдын ден соолугуна байланыштуу көйгөйгө вакцина себепкер болгон учурлар өтө сейрек кездешет. Күтүлбөгөн көрүнүштөр капысынан чыгып, эмдөөгө эч кандай байланышы болбошу мүмкүн. Айрым учурда мындай көйгөйлөр вакцинаны сактоо, ташып жеткирүү жана колдонууга байланыштуу катталышы ыктымал. Мындай мүчүлүштүктөрдөн медицина кызматкерлерин дыкат даярдап, ташуулардын сапатын жакшыртуу жолу аркылуу арылууга болот.
* Айрым учурда гана вакцинага байланыштуу олуттуу терс таасирге шек жаралып, эмдөө иштери токтотулбаса, жалпысынан мындай учурлар көп катталбайт. Бирок мындай окуя кылдат иликтенип, көйгөйдүн чыгуу себептери такталат жана ошого жараша жөнгө салуу чаралары көрүлөт.

COVID-19 вакциналары менен аллергиялык реакциялардын ортосунда кандай байланыш бар?
* COVID-19 вакцинасын алган айрым адамдарда оор аллергиялык реакциялар чыкканы жөнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кабардар. Анафилаксия (өтө күчтүү жалпы реакция анафилаксиялык шок) сыяктуу оор аллергиялык реакция абдан сейрек кездешүүчү, бардык вакциналардан чыгышы мүмкүн болгон кыйыр таасир болуп эсептелет. Мындан улам мурдагы эмдөө учурунда же вакцинанын кайсы бир компоненттерине аллергиялык реакция байкалган адамдарга карата сактык чаралары кылдат көрүлүшү зарыл.
* Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 оорусуна каршы эмдөөгө келген адамдын аллергиялык реакциясын аныктоо үчүн медицина кызматкерлери анын мурдагы оору таржымалына дыккат көңүл буруушун сунуш кылат. Калкты эмдөө боюнча бардык адистер организмдин вакцинага оор аллергиялык реакцияларын аныктоону жана аныкталган учурда иш жүзүндө керектүү чараларды көрүү жолдорун өздөштүрүүгө милдеттүү.
* COVID-19 вакцинасын колдонууда пайда болчу олуттуу терс таасирлерди, анын ичинде күтүлбөгөн реакцияларды аныктоо үчүн бийлик органдары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка эл аралык уюмдар такай көзөмөлдөө иштерин жүргүзүшөт.
Вакцина онкологиялык ооруларга кандай таасир бериши мүмкүн?
* Азыркы учурда вакцинанын онкологиялык оорулардын өтүшүнө тийгизген таасири толук кандуу изилдене элек. Өнөкөт шишик ооруларына кабылган адамдардын иммундук системи начар жана тең салмактуу эмес. Теориялык жактан алганда мындай бейтаптарды эмдөөдөн өткөрүү жагымсыз процесстердин келип чыгышына себепкер болушу мүмкүн.
*Эгер бейтап оорунун туруктуу басаңдоочу (ремиссия) этабында болсо, ал дарылап жаткан онколог дарыгери менен эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашы зарыл.
COVID-19га каршы эмделген адам ооруга чалдыгышы мүмкүнбү?
* COVID-19 оорусуна каршы бир нече вакцина жогорку натыйжага ээ болгону менен, бир дагы вакцина адамды дарттан 100 пайызга сактайт деген кепилдик жок. Бирок дартты жуктуруп алуу тобокелдигин азайтары анык. Натыйжада COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн адамдардын аз пайызында илдеттен коргонуу мүмкүнчүлүгү тиешелүү деңгээлде калыптанбай, дарт жугуп калышы мүмкүн. Бирок оору жеңил формада же белгилери байкалбай өтөт.
* Вакцинанын спецификалык мүнөздөмөлөрүнөн тышкары эмдөөнүн натыйжалуулугуна бир нече фактор таасирин тийгизиши мүмкүн: адамдын жаш курагы, анын ден соолугунун жалпы абалы же мурда COVID-19 менен оорушу. Ошондой эле азыркы учурда COVID-19 вакциналарынан иммунитет канча убакытка сакталары жөнүндө маалыматтар аз.
* Бул COVID-19 оорусуна каршы эмдөө өнөктүгү башталганына карабай физикалык аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, колду жуу сыяктуу коомдук саламаттыкты сактоонун натыйжалуу чараларын аткарууну улантуунун бир себеби болуп эсептелет.
COVID-19 оорусуна каршы кимдерге эмдөө жасалбашы керек?
* Эмдөөдөн өтүүгө каршы көрсөтмө бар же жок экенин медицина кызматкерлери гана айта алат. Кандайдыр бир өнөкөт оорулар болгон учурда эмдөө жүргүзүү чечими дарылоочу дарыгер менен кеңешкенден кийин жеке кабыл алынат. Бирок жеткиликтүү маалыматтарга ылайык, төмөнкү белгилер байкалган адамдарды COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өткөрбөй эле койгон оң:
- Эгерде сизде COVID-19 вакцинасынын курамындагы компоненттерге оор аллергиялык реакция болсо;
- Эгерде сиз эмдөө маалында ооруп жатсаңыз же сизде сасык тумоонун же COVID-19дун белгилери; байкалса, илдеттен сакайышыңыз менен эмдөөдөн өтсөңүз болот.
Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө тыюу салган көрсөтмө 18 жашка чейинки жаш курак.
Вакцинаны иштеп чыгуучулар эмдөөнүн олуттуу терс таасирлерин жашырышы мүмкүнбү?
* Бүгүнкү күндө ондогон компания вакцинанын үстүнөн иш алып барууда. Алардын бардыгы адамдардын катышуусунда клиникалык сыноолорду жүргүзүүдө. Ал клиникалык сыноолордун жыйынтыктары боюнча ар бир компания маалымат берип, клиникалык сыноолордон ийгиликтүү өткөн вакциналарга уруксат берилгенден кийин гана кезектеги этапка өткөрүлөт.
* Шектүү препаратка лицензия берилиши мүмкүн эмес. Анын үстүнө вакцина сапатсыз болуп калса, өндүрүүчүлөрдү тынымсыз соттук териштирүүлөр күтөрүн алар жакшы түшүнүшөт.
* Вакцина жөнүндө кандайдыр бир маалыматты жашыруу мүмкүн эмес. Себеби көз карандысыз серепчилер препараттын таржымалын, кайсы өндүрүүчүгө таандык экенин билбей туруп, аны эки жолу текшерүүдөн өткөрүшөт.
Белгилүү болгондой, Кытайдан Кыргыз мамлекетине акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза "SinoPfarm"
вакцинасы келди.
Ага ылайык, өлкөдө калкты коронавируска каршы эмдөө ушул аптада башталышы мүмкүн. Анда алгачкы этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоочулар, бажы кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана ден соолугу кооптуу топко киргендер эмделери
айтылды.
Акыркы маалыматтарга ылайык, учурда өлкөдө коронавирус инфекциясынан жалпы 87 миң 652 жаран жабыркады. Ал эми айыккандардын жалпы саны 84 миң 339. Тилекке каршы, 1 миң 492 адам каза болду.
Эске салчу жагдай, жогорудагы маалыматтар Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынды.