Ар бир жаран абалдын олуттуулугун түшүнүп, бардык коопсуздук чараларын аткарыш керек. Мындай пикирди бүгүн, 16-мартта вице-премьер Алтынай Өмүрбекова республикалык штабдын жыйынында билдирди.
Ага ылайык, вице-премьер алдыдагы үч апта маанилүү экенин айтып, кафелерге жана башка көнүл ачуучу жайларга барбай турууну сунуштаган.
"Медициналык кызматкерлердин айткандарын аткарып, гигиенаны сактап жана бул тууралуу балдарга дагы түшүндүрүү керек. Көп адам катышкан иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартып туруу зарыл. Көпчүлүк маалда үйдө болуп, сасык тумоо, ОРВИ жана албетте, коронавирустун алдын алуу иштерин жасаш керек", - деген Алтынай Өмүрбекова.
Учурда Кыргыз өлкөсү боюнча медициналык байкоо карантининде 341 жаран жатат. Ошондой эле дүйнөнүн 143 мамлекетинде коронавирусту жуктуруу фактылары катталган.