Казакстандык белгилүү ырчы Кайрат Нуртас санитардык эпидемиологиялык талаптарды бузганга айыпталууда. Казак басылмаларындагы маалыматка ылайык, ырчы Семей шаарындагы тойлордун биринде жүргөн видео тарап кеткен. Учурда бул окуяны полиция кызматкерлери териштирип жатканы айтылат маалыматта.
"Кайрат Нуртас боюнча материалдар топтолуп, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү. Санитардык талаптарды аткарбай, салтанат өткөргөн тойкананын кожоюнуна карата да материалдар чогултулуп, тиешелүү мекемеге жөнөтүлдү", - дешкен укук коргоочулар.
Талкуу жараткан видео интернет желесинен өчүрүлгөн. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Семей шаарында санитардык талаптарды аткарууга көзөмөл күчөтүлүп, рейддер жүргүзүлүүдө. Талаптарды, эрежелерди бузган ишкана, мекемелерге ири суммадагы айыптар каралган.