Индонезияда цунамиден кийин дайынсыз болгон полиция кызматкери Абрип Асеп табылды. Аны жакындары 17 жылдан бери каза болгон деп ойлоп жүрүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ага ылайык, Асептин үй-бүлөсү аны 2004-жылы 26-декабрда болгон табигый кырсыктан көз жумду деп жүрүшкөн. Бир нече убакыт бою ал дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болуп, кийин каза болгондордун тизмесине киргизилген.
Жакында эле ал Ачех провинциясында жайгашкан психиатриялык ооруканада жашап жүргөнү белгилүү болгон. Абрип Асеп цунамини башынан өткөргөндөн кийин психикалык жактан жабыркап, ооруканага түшүп калган.
"Мен ишене албайм, 17 жыл бою ал жөнүндө эч кандай кабар болгон эмес, биз аны каза болду деп ойлогонбуз. Тирүү экенин билген эмеспиз", - деген Асептин жакындарынын бири. Психиатриялык оорукананын кызматкерлери буга чейин Асептин үй-бүлөсүнө бул кабарды билдирбегенинин себеби белгисиз экендиги жазылат маалыматта.
2004-жылы 26-декабрда Индонезияга жакын жерде күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн айынан Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө цунами болуп, андан 270 миңден ашуун адам каза болгон.