Бүгүн, 25-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 124 миллион 688 миң 146 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 70 миллион 746 миң 989 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 742 миң 974 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 9 миң 386 болду. Тилекке каршы, 545 миң 237 адам каза болду. Аталган өлкөдө канча бейтап ооруну жеңгени боюнча расмий маалымат жок.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 220 миң 11 адамдан аныкталды. 300 миң 685 адам каза болсо, 10 миллион 750 миң 131 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 734 миң 58 адам вируска кабылган. 160 миң 441 бейтап көз жумса, 11 миллион 205 миң 160 бейтап оорудан сакайды.