Орусиянын президенти Владимир Путин кайрадан президенттик шайлоого катышуу укугуна ээ болду. Мындай чечимди Орусиянын Мамлекеттик Думасы шаршемби күнү болгон пленардык жыйында кабыл алганын орус басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, Орусиянын Конституциясынын жаңы жоболорунун бирине ылайык, бир эле адам президенттин кызматын ээлей ала турган мөөнөттөрдүн санына карата чектөө учурдагы мамлекет башчысынын мурунку президенттик мөөнөтүн эсепке албайт. Ошентип бул норма учурдагы мамлекет башчысына Орусиянын президентинин кызматын дагы эки мөөнөткө ээлөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Документти Мамлекеттик Думага депутаттар Павел Крашенинников жана Ольга Савастьянова, ошондой эле федерация кеңешинин мүчөсү Андрей Клишас ноябрь айында беришкен. Документте 35 жаштан кем эмес, Орусияда 25 жылдан кем эмес туруктуу жашаган, ошондой эле мурда башка мамлекеттин жарандыгы же жашап турууга уруксаты болбогон Орусиянын жараны талапкер боло ала тургандыгы белгиленет.
Жаңы эрежелер ондон ашык талапкер же талапкерлердин тизмеси киргизилген болсо, шайлоо бюллетениндеги талапкерлер жөнүндө маалыматты кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары шайлоо комиссиялары тышкы добуш берүү үчүн кошумча колдонула турган көчмө кутучалардын санын көбөйтө алышат.