Голливуд актёру Жорж Сигал каза болду

Голливуд актёру, "Алтын глобус" сыйлыгынын эки жолку лауреаты Жорж Сигал 88 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал 23-мартта эртең менен Калифорнияда каза болгон.

Жорж Сигал "Оскар" жана BAFTA сыйлыктарынын ээси. Өз карьерасында ал 100дөн ашык кино жана сериалдарга тартылган. Ага Алтын глобустагы "Мыкты актёр" номинациясын "Шаан-шөкөт менен" ("С шиком") 1973-жылы тартылган романтикалык комедиясы алып келген.

Актёр 1934-жылы Нью-Йоркто төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан