Суу үстүнө курулуштарды тургузуу физика мыйзамдарына каршы келет. А бирок адамдар кааласа мүмкүн болбогон нерсени да жасап коёт эмеспи. Индиядагы укмуштуудай хан сарайлардан баштап Бириккен Араб Эмирлигиндеги мейманканага чейин архитектуралык керемет менен тааныштырабыз.
Госпа-од-Шкрпьела, Черногория
Госпа-од-Шкрпьела аралдын үстүндө жайгашкан кереметтүү чиркөө. Имарат кылымдар бою бир нече жолу оңдоп-түзөөдөн өтүп, учурда белгилүү музейге айланган. Музей жайгашкан Адриатика аралы дүйнө жүзүндөгү жасалма аралдардын бири болуп саналат.
Пунта-делла-Догана, Венеция
Венеция шаарынын суу менен курчалган имараттарын билсеңиз керек. Венециядагы көптөгөн кооз имараттардын ичинен Пунта-делла-Догананы алардын эң көрүнүктүүсү деп атоого болот. Бул кереметтүү имарат алгач 17-кылымдын архитектору Жузеппе Бенони тарабынан бажы үйү катары курулган. Имараттын пай дубалы узун жыгачтарды суу астындагы кумга кагуу жолу менен орнотулган. 17-кылымда жасалганын эске ала турган болсок, мунун кандайча ишке ашканын элестетүү кыйын. Пунта-делла-Догана бажы мекемеси катары 1980-жылга чейин кызмат кылып, 2009-жылы музейге айланган.
Жал Махал, Индия
Индиянын Жайпур шаарында Ман Сагар көлүндө жайгашкан Жал Махал сарайында архитектуралык искусствого өтө кызыккан Ражпут падышалары жашаган. 18-кылымда Махаража Жай Сингх II тарабынан курулган бул сарай 121 гектар аянтты ээлейт. Бул жайга сүрөткө түшүү үчүн келгендер абдан көбөйдү. Ошондуктан жергиликтүү бийлик тарыхый сарайды мейманканага айлантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Пампус, Нидерланды
Пампус 1887-жылы суунун түбүнө 3 миң 800 казык кагылып, 45 миң куб метр кумду ташып келип курулган жасалма аралга орнотулган порт болгон. Курулуш иштери сегиз жылга созулган. Сепил Амстердамдын тургундары тарабынан тонолгон, ошондой эле Экинчи Дүйнөлүк Согуш сыяктуу көптөгөн окуяларга күбө болгон. Имаратты оңдоп-түзөө иштери 2007-жылы жасалып, Пампус музей катары элге ачылган.
Пеберхольм, Дания
Пеберхольм - Швеция менен Данияны бириктирип турган жасалма арал. Oresundsbron уюму тарабынан курулган бул арал адамдар жашаган аймактардан алыстыгына байланыштуу канаттуулардын түрлөрү жашайт.
Бурж Аль-Араб, БАЭ
Кумга асман тиреген имаратты тургузуу чоң эмгекти талап кылса, океандын үстүнө курулган жасалма аралга бийик имаратты тургузуу дагы чоң эрдик. Бурж Аль Араб мейманканасы 1994-1999-жылдары 2 миллиард долларга курулган араб дүйнөсүнүн керемет символу. Курулуш иштери деңиздеги 85 чарчы метрден ашык жерди калыбына келтирүү менен башталып, үч жылга созулган. 56 кабаттан туруп, бийиктиги 320 метрди түзгөн Бурж Аль-Араб, бул дүйнөдөгү эң бийик мейманканалардын бири.
Veluwemeer суу каналы, Нидерланды
Уникалдуу көпүрө жана инженердик керемет суунун үстүнөн эмес, астынан өткөн көпүрө. Суу жолу 2002-жылы ачылып, узундугу 25 метр, туурасы 19 метр жана суткасына 28 миң автоунаа өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Кайыктар жогору жактан акырын сүзүп өтүшөт, ал эми унаалар төмөндөн ылдам өтүшөт. Анын жанында жөө адамдар өтүүчү жол бар.