"Карантиндик чектөөлөрдөн чарчап". Германияда жаран мэриянын имаратына өрт койду

Германиянын Дельменхорст шаарында 30 жаштагы тургун мэриянын имаратына өрт койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, ал чексиз карантиндик чектөөлөргө нааразы болуп, ушундай кадамга барган. Жергиликтүү полиция кызматкерлери өрт койгон адам күнөөсүн моюнуна алганын жана сурак учурунда анын себептерин түшүндүргөнүн билдирип, иш тергелип жатканын билдирген.

Өрттүн кесепетинен туристтердин маалымат алуу столу зыянга учураган, бирок өрттүн андан ары жайылышына жол берилген эмес.
Бактыга жараша, жабыркагандар болгон эмес деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан