Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын жубайы кайрадан Германияга учуп кетти

Абакта жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын жубайы Юлия шаршемби күнү Москвадан Германияга учуп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Навальныйдын жубайы Юлиянын Германияга болгон сапарынын максаты белгисиз. Анын Германияга учушу бир катар ЖМКларда жолдошунун ден соолугу начарлап кетти деген кабарлар пайда болгон учурга туш келди.

Эске салсак, буга чейин Юлия Навальная Германияга барып, бир нече күндөн кийин кайрадан Орусияга кайтып келгени маалымдалган.

Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.

Учурда Алексей Навальный Орусиянын Владимир облусундагы колонияда. Жактоочусу Ольга Михайлова жергиликтүү басылмаларга анын ден соолугу начарлап кеткендигин билдирген.



Навальныйдын аялы Германияга учуп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан