Орусиянын Түз инвестициялоо фонду жана Сербиянын Вирусология институту коронавируска каршы колдонулуп жаткан Спутник V вакцинасын чыгаруу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендигин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, вакцинаны чыгаруу ушул жылдын май айына чейин башталат. Түштүк Европа өлкөлөрүнүн ичинен Сербия орус вакцинасын чыгарган алгачкы өлкө болмокчу. Фонддун башчысы Кирилл Дмитриев Сербия өлкөсүнө орус вакцинасына болгон ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген. Спутник V вакцинасынын Сербияда өндүрүлүп чыгышы калкты коронавируска каршы эмдөө ишин тездетип, башка аймактарга да жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өбөлгө болорун кошумчалаган.
Статистикага ылайык, Сербияда коронавирус 566 миңден ашуун адамдан аныкталып, 5039 адам каза болгон, ал эми илдеттен айыккандардын саны 477 миңден ашуун. Бул өлкөнүн калкына коронавируска каршы эмдөөдө америкалык Pfizer, кытайлык Sinopharm, британ-швед өндүрүшүнө таандык AstraZeneca вакцинасы жана орусиялык Спутник V вакцинасын алууга тандоо укугу берилген. Ушул жылдын январь айында аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен көпчүлүк жарандар орус вакцинасын тандашканын билдирген.
Белгилей кетсек, Спутник V коронавируска каршы дүйнөдөгү жана Орусиядагы алгачкы вакцина катары 2020-жылдын 11-августунда катталган. Анын эффективдүүлүгү 91,6 пайызды түзгөн. Бүгүнкү күндө Спутник V вакцинасы дүйнөнүн 56 мамлекетинде расмий каттоодон өттү.